Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун Мажарстанга болгон иш сапары аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун Мажарстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Мажарстан Республикасына 20-21-майда болгон иш сапары аяктады. Биринчи күнү Мажарстандын Премьер-министри Виктор Орбандын атынан мамлекет башчылары үчүн расмий кабыл алуу болду. Экинчи күнү Президент Садыр Жапаров Мажарстандын Премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы эки жактуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, ошондой эле ар кыл тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Андан соң Президент Садыр Жапаров ТМУга катышуучу мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитине катышты. Уюмдун байкоочу өлкөсү - Мажарстанда биринчи жолу өткөрүлгөн бейформал жолугушуунун темасы «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери» деп аталды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Мажарстан Европа бирлиги менен түрк дүйнөсүнүн ортосундагы чыныгы көпүрөгө айланганын баса белгиледи. Белгилей кетсек, саммит Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын алкагында өттү. Мамлекет башчылар өз кезегинде Кыргызстан Уюмга ийгиликтүү төрагалык кылганын белгилешти. ТМУнун бейформал саммитинин жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кабыл алынды.

Мындан тышкары ТМУнун бейформал саммитине катышуунун алкагында Уюмдун төрагасы катары Президент Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыкты дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоз, профессор Азиз Санжарга “Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн” тапшырды. Мамлекет башчысы ошондой эле Мажарстанга болгон иш сапарынын алкагында Будапешттеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жаңы имаратында да болду.

Буга чейин Президенттин тапшырмасы менен 2024-жылдын январында дипломатиялык өкүлчүлүк мамлекеттик менчикке сатып алынган жаңы имаратка көчкөн. Кыдыруу учурунда Садыр Жапаров мамлекет мындан ары да чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого биринчи кезекте көңүл бура турганын баса белгиледи.

Андан кийин Президент жана Биринчи айым Айгүл Жапарова ардактуу конок катары Будапешттеги Мажарстандын мамлекеттик опера театрына барышты. Концерттик программа ТМУнун бейформал саммитинин маданий программасынын алкагында тартууланды. Президент Садыр Жапаров Мажарстан Республикасына иш сапарын аяктап, 22-майда Бишкекке кайтып келди.