Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары 1 күнгө жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кытайда Ажыдаар кайык фестивалы белгиленгендигине байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан "Торугарт- автожол" жана "Эркечтам-автожол" унаа өткөрүү пункттары 2025-жылдын 31-майында убактылуу жабылат.
Бул өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү штаттык режимде өткөрүү 2025-жылдын 1-июнунда жанданат.