19-майда Германиянын Зуль шаарында жаштар арасындагы ок атуу боюнча дүйнө кубогу башталган. Ал 25-майга чейин созулат.
Ага Кыргызстандан катышып жаткан Улуттук курама команданын мүчөсү Имандос Бектенов мыкты жыйынтык көрсөттү.
Бул көнүгүүгө дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен келген 94 спортчу катышты. Квалификациялык туруда Бектенов 579 упай топтоп, экинчи орунду ээлеп финалга чыкты.
Финалдык бөлүктө Имандос жогорку чеберчилик көрсөтүп, 240.2 упай топтоп, күмүш медаль утуп алды.