Жаңылыктар
Баткенде желим идиш чыгарган завод ишке кирүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде желим идиш чыгарган завод ишке кирүүдө

Баткен районунун Ак-Татыр айылынын өнөр жай аймагында жаңыдан курулган желим идиштерди кайра иштетүүчү жана желим идиш чыгаруучу заводу тесттик режимде алгачкы продукциясын чыгарды.

Ишкананын курулушу менен желим идиштерге болгон суроо талап күчөгөн. Учурда Баткен облусунан эле эмес, Ош, Жалал-Абад, Казакстандан да буюртмалар болууда. Алдыда желимден эле эмес, кагаздан да идиштерди чыгаруу пландалган. Желим жана кагаз идиштери тамак-аш азыктары үчүн жогорку сапаттагы таза сырьелордон жасалат.

Заводдун курулушуна жеке ишкер азырынча 800миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салган. Ишкана толук ишке кирсе, 100 адам жумуш оруну менен камыз болот.

Курулуш үчүн айыл өкмөтү 5 гектар жер аянтын бөлүп берип, электр энергиясын жеткирип берген.

Ишкана өлкөнүн эгемендүүлүк майрамын утурлай ачылуусу күтүлүп жатканын бүгүн Баткен облустук бийлигинин басма сөз кызматы кабарлады.