Жаңылыктар
Нарында жер титирөөдөн жабыркаган үйлөрдүн саны 116га жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында жер титирөөдөн жабыркаган үйлөрдүн саны 116га жетти

Жарандык коргонуу комиссиясы Ак-Талаа районунда 12-майдагы жер титирөөдөн дагы 21 үйдүн дубалынан жарака кеткенин аныктады. Муну менен жабыр тарткан үйлөрдүн саны 116га жетти. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы комиссия тарабынан 116 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үй, 1 бала-бакча, 1 китепкана жана 1 дүкөн техникалык абалына карата визуалдык кароолордон өткөрүлдү. Анын ичинен 47 үй камсыздандырылса, 69 турак жай камсыздандырылган эмес.

Иликтөө иштери уланууда.

Нарын облусунун аймагында 12-майда эки жолу жер титирөө болгон. Анын алгачкысынын күчү 4 баллга, экинчиси 5,5 баллга чейин жеткен.