Жаңылыктар
Бакыт Төрөбаев Нарында бир катар курулуш жана өнөр жай объектилери менен таанышат
Кыргызстан жаңылыктары
Бакыт Төрөбаев Нарында бир катар курулуш жана өнөр жай объектилери менен таанышат

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин Нарын облусунда эки күндүк иш сапары башталат. Ал иш сапар алкагында Кочкор, Жумгал, Ат-Башы райондорунда жана Нарын шаарындагы бир катар курулуш объектилери менен таанышат.

Бакыт Төрөбаев алгач Кочкор районундагы Тогуз-Булак участкасында салынып жаткан Соода логистикалык борбордун курулушу менен таанышат. Андан соң Жумгал районундагы Таш-Дөбө айылындагы Түгөл-Сай суу сактагычынын курулушун көрүп, райондук суу чарба башкармалыгынын маалыматын угат.

Андан соң Чаек айылындагы “Байзак” минералдык суусун чыгаруучу “Обосек” өндүрүшүнүн, сүттү кайра иштетүүчү “Көчмөн Азыгы” заводунун, темир-бетон буюмдарын өндүргөн “Жумгалсуукурулуш” коомунун ишин жеринде көрөт.

Ал эми 16-майда Бакыт Төрөбаев Нарын шаарындагы С.Нааматов атындагы Нарын мамалекеттик университетинин Агрардык колледжинин ветеринардык факультетинде болуп, ассимиляторлорду даярдоо борборунун иши менен таанышып, ири мүйүздүү малды жасалма уруктандыруу боюнча иш-чарага катышат.

Андан соң Төрөбаевдин жумуш сапары Ат-Башы районунда уланып, Жапон инвесторлорунун колдоосу менен “Погранич нур” кооперативи тарабынан уюштурулуп жаткан чычырканак, карагат плонтациялары менен таанышат. Кийин Казыбек айыл өкмөтүндөгү “Ат-Башы кенч” кооперативинин жаңы курган тоют базасын, Кашка жол учсатогунда 100 гектар жерге себилген сафлор, 5 гектарга себилген суданка талааларын көрөт.

Иш сапарынын соңунда Төрөбаев Нарын шаарындагы “Азия фут” кайра иштетүү ишканасынын, сафлор жана тоют даярдоо цехинин ишин жеринде көрөт.