Жаңылыктар
Кочкордо 29 млн. сомго соода логистикалык борбор курулду
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкордо 29 млн. сомго соода логистикалык борбор курулду

Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагына караштуу Жаңы-Жол айылына соода логистикалык борбор курулууда. Өткөн жылы башталган курулуштун 90 пайызы бүтүп, 15-июнда колдонууга берилет. Бүгүнкү күнгө чейин 29 миллион сом сарпталды.

Бул үчүн “Тогуз-Булак” участкасынан 13 гектар жер берилген.  Жердин  8,87 гектары  трансформацияланып, административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөттөргө бөлүнгөн 10 миллион сомго жана жергиликтүү бюджеттен каралган 3.5 миллион сомго керектүү курулуш материалдары алынган.  Жалпы 13 миллион 500 миң сомго курулуш иштери башталып, 100 кВт кубаттуулуктагы бир көмөкчордон орнотулган. Айланасы тосулуп, мал байлоочу жайдын жери түздөлүп, кум төгүлүп, навес салынып, чатыры жабылып, мал байлоочу мамылар орнотулган.

Мындан сырткары республткалык бюджеттен 15 миллион сом, Кочкор райондук өнүктүрүү фондунан 500 миң сом каралып, ага ветенинардык лабороториянын имараты салынып, электр энергиясы тартылып, айланасына 4 видео көзөмөл орнотулуп, мал түшүрүлүүчү жайлары жасалып, автоунаа токтоочу жайга кум төгүлүп, түздөлүп, административдик имараттын курулушу  жүргүзүлгөн.

Ошондой эле борборго баруучу Көл-Үкөк суусуна көпүрө орнотулуп эки тарабы цементтелүүдө. Жайма базардын курулушу толук аяктап, сырткы жарыктандырууга электр мамылары орнотулуп, чубалгыларын тартуу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары 281 контейнерге ылайыкталган 2 гектар жер аянты аукцион аркылуу жарандарга ижарага берилип, ижара келишимдери түзүлгөн. Мал базар беш миң бодо жана майда жандык батууга ылайыкталган.

Бүгүн, 15-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган борбордун курулуш иштерин жеринде көрөт.