Кыргыз улуттук “Манас” театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков 2024-жылдагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) башкы гуманитардык сыйлыгы - «Звезды Содружества» (Шериктештиктин жылдыздары) сыйлыгына ээ болду. Ал бул сыйлыкка «Гуманитардык ишмердүүлүккө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн» номинациясында татыктуу деп табылды.
Сыйлык тапшыруу аземи бүгүн, 14-майда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан КМШнын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумунун алкагында тапшырылды.
Бул сыйлык 2009-жылы негизделген жана жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө гуманитардык чөйрөдөгү дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.