Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы цементти социалдык маанилүү товарлардын тизмесине киргизүүнү сунуштап жатат.
Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов Биринчи радионун эфиринде билдирди. Ал учурда цемент баасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мониторинг жүргүзүлүп жатканын айтты.
“Эгерде цемент социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирсе, анда бааларды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк алабыз, ошондой эле санкциялар менен айып сала алабыз. Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтому менен социалдык маанилүү товарлардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу каралган. Бул тизмеге 16 товар кирет. Мамлекеттик монополияга каршы кызматы ушул тизмеге цементти да киргизүүнү сунуштады, деп кошумчалады», - деди монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары
Ушул айда Кыргызстанда цементтин тартыштыгы жаралып, анын кесепетинен баа кескин өсүп кеткен. Тактап айтканда, 50 кг. бир мүшөк цемент 500-550 сомго чыгып кетти. Мындан улам министрлер кабинети өлкөгө цементти ташып келүүгө убактылуу чектөөнү алып салуу боюнча буйрук кабыл алды.