Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштеп келе жаткан ТТӨМЕР Түрк тили күнүнө карата түрк ырларынын сынагын уюштурду. Бишкектеги иш-чарага кыргыз жана түрк жарандары катышты. Калыстар тобун Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин көркөм өнөр факультетинин окутуучулары түздү. Сынакта Назима Жумакадырова "Сил баштан" аттуу ыры менен биринчи орунду жеңип алды. Иш-чарада Түркияга эс алууга жолдомолор берилип, түрк тил күнү белгиленди.
Кыргызстанда 1996-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан Түркиянын Түрк билим борбору (TTÖMER) түрк тили күнүнө карата түрк ырларынын сынагын уюштурду. Борбор калаа Бишкектеги Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында өткөн иш-чара кыргыз жана түрк жарандарынын кызыгуусуна ээ болду.
Сынактын калыстар тобунда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (КТМУ) көркөм өнөр факультетинин окутуучулары Неджип Йылдын жана Гөкхан Үнсал, Бишкектеги түрк мектебинин музыка мугалими Шафак Баш жана Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин музыка мугалими Уфук Баш болду.
Чоң концерттик залда түрк ырлары жаңырды.
Студенттер арасында өткөрүлгөн сынакта 10 катышуучу түрк ырларын ырдады.
Сынакта Назима Жумакадырова "Сил башынан" ыры менен 1-орунду, Нурсултан Сыртбаев "Сабрет" ыры менен 2-орунду, Рискелди Старбек "Бу геже өлүрүм" ыры менен 3-орунду алышты.
Сынактын катышуучуларына жана иш-чарада өткөрүлгөн чучу кулактын жеңүүчүлөрүнө (20 кишиге) Түркияга саякаттоого жолдомо берилди. Түркияга эс алуу жолдомолорун Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Кыргызстандагы өкүлү Тахир Осман Тахир, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координатору Мехмет Бодур жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси полковник Толга Такымжы тапшырды.
«Биздин бирден-бир максатыбыз — кыргызстандык студенттер Кыргызстанга кызмат кылуусу»
Түркиянын элчилигинин Билим берүү боюнча кеңешчи Күршат Дулкадир өз сөзүндө Түркия Республикасы тарабынан бекер көрсөтүлүп жаткан билим берүү кызматтарынын бирден бир максаты кыргызстандык студенттердин Кыргызстанга кызмат кылуусу экенин баса белгиледи.
Түркиянын Түрк тили билим берүү борборунун Орто Азиядагы эң чоң курс борбору экенин белгилеген Дулкадир: "Түркия менен Кыргызстандын ортосунда 1992-жылы билим берүү келишими түзүлгөн. TTÖMER 1996-жылы ишин баштады. Жаштардын түрк тилине болгон кызыгуусу менен курстарыбызды көбөйттүк. Быйыл 8 миңге жакын студентке билим бердик. Буга сиздердин колдооңуздар менен жетиштик" деди.
Түрк тил күнү да белгиленди
Иш-чарада Түрк тилин мамлекеттик тил кылган Караманоглу Мехмет бейдин жарлыгы Түркияда 13-майда белгиленген Түрк тили күнүнө карата спектакль менен сахналаштырылды.
Мындан тышкары иш-чарада Кыргыз Түрк Анадолу Кыздар кесиптик лицейинин окуучулары тарабынан даярдалган салттуу кийимдердин мода көргөзмөсү тартууланды.