Жаңылыктар
Кочкор: Изделип жаткан кыз табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкор: Изделип жаткан кыз табылды

Кочкор районунда дайынсыз жок болуп изделип жаткан 16 жаштагы өспүрүм табылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички ищтер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, издөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүм кыз Жумгал районунан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.