Жаңылыктар
Кочкор: 16 жаштагы кыз изделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкор: 16 жаштагы кыз изделүүдө

Кочкор районунда алты күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Айжамал Эркинбекова изделүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-май күнү райондук ички ишер бөлүмүнө Төлөк айылынын  тургуну “7-май күнү саат болжол менен 11:00 чамасында 2009-жылы туулган кызым Эркинбекова Айжамал  үйдөн Кочкор айылына  чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жатат, кызымды табууга жардам берүүңүздөдү сурайм” – деген арызы менен кайрылган.

Арыз райондук милиция тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилери: бою 160-165 см, көзү кара, чачы кара белине чейин, денесинин түзүлүшү арык сымал, оозунун алдында кара калы бар.

Кийген кийимдери: үстүндө кара жука кофта, бутунда ак-кара ботас, кара түстөгү шым тизесинен келет.

Алты күндөн бери дайынсыз  болуп изделип жаткан  Айжамал  боюнча кандайдыр бир маалымат болсо тез арада 102 жана 0700 24 13 25 номерине билдирип коюңуздар!