Жаңылыктар
9-11-класстардын жыйынтыктоочу аттестациясынын мөөнөтү жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
  9-11-класстардын жыйынтыктоочу аттестациясынын мөөнөтү жарыяланды

2024–2025-окуу жылында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн окуу программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарында тиешелүү Жобого ылайык төмөнкү мөөнөттөрдө жана формаларда өткөрүлөт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде):

Аттестациянын мөөнөтү: 2-июндан 17-июнга чейин, 4 предмет боюнча:

Алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 2-июнь;

Эне тили (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 6-июнь;

Кыргыз тили (окутуу орус, өзбек жана тажик тилинде жүргүзүлгөн класстарда) жана орус тили (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнь;

Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 16-июнь.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде):

Аттестациянын мөөнөтү: 2-июндан 17-июнга чейин, 4 предмет боюнча:

Эне тили жана адабияты (эссе) – 2-июнь;

Алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 6-июнь;

Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 11-июнь;

Кыргыз тили (окутуу орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 16-июнь.

Дене тарбия боюнча зачет:

2025-жылдын 15-майынан 24-майына чейин 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн “Дене тарбия” сабагынан сабактан тышкаркы убакта зачет өткөрүлөт.