Ысык-Көлдө жол унаа кырсыктарын алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралар учурунда 2025-жылдын май айынын 5нен 11не чейинки бир апта аралыгында облустун аймагында жол эрежелерин бузган баардыгы 1149 айдоочулар аныкталып протоколдор түзүлдү.
Алардын ичинен спирт ичимдигин ичип автоунаа башкарган 58 мас айдоочулар кармалып, 109 автоунаалар айып короолорго токтотулду. Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган 392, жол белгилерине баш ийбеген 277, автоунааларды тиешелүү документтери жок башкарган 12, автоунаа айдоого укугу жок 36, терезесин күңүрттөп алып башкарган (тонировка) 3 жана башка айдоочулар менен жолдо жүрүү эрежелерин бузган 9 жөө жүргүнчүлөр болду.
Бул иштер Ысык-Көл облусунун аймагында өткөрүлгөн «Рулду башкаруу!» аталыштагы рейддик иш-чаранын алкагында уюштурулду.