Жаңылыктар
Ак-Талаадагы жер титирөөдөн кыйроолор катталган жок
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Талаадагы жер титирөөдөн кыйроолор катталган жок

Нарындын Ак-Талаа районунда бүгүн эртең менен болгон жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-майда эртең мененки саат 07.33дөр чамасында аталган райондо очогундагы күчү 4 магнитудага жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө райондун Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.