Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 75-пунктунун “б” пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевичке катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.