Жаңылыктар
Улуу Жеңишке 80 жыл: Танк жана учак жасоо үчүн элүү миңден акча берген нарындыктар
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Жеңишке 80 жыл: Танк жана учак жасоо үчүн элүү миңден акча берген нарындыктар

1941-жылдын июнунан 1944-жылдын сентябрына чейин Кыргызстан боюнча 363 миңден ашык жоокер согушка чакырылса, алардын ичинен 7,6 пайызы Нарын облусунан болгон. Облустан 4,3 миң ат, 89 автомашина жөнөтүлгөн. Элибиз фронттогу жоокерлер үчүн 2207 миң рубль акча каражатын, 1194 центнер эт жиберген. Мындан тышкары, Кызыл Армия фондуна жана танк менен учак куруу үчүн 11 миллион 363 миң рубль чогултулуп, жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө 367 миң рублдан ашык акчалай жардам, 36 тоннадан ашык азык-түлүк жөнөтүлгөн.

"Бардыгы фронт үчүн, бардыгы жеңиш үчүн!" деген ураан астында облустун эмгекчилери өз күчтөрүн аябай иштешкен. Айыл чарба иштерине 1290 мектеп окуучусу, 10 миңден ашуун кыз-келин мугалим тартылып, 600 миң эмгек күнү топтолгон. Элдик демилгелердин символу болгон жеке жардамдар да унутулбайт. Кочкордун Арал айылынын тургуну Жоро Жаңыбаев 50 миң сомун танк жасоого, акын Абдыкалык Чоробаев учак жасоого 50 миң рубль берип, Сталиндин өзүнүн алкышына арзыган. Кочкордун кыз-келиндери 215 жүн байпак, 200 жүн колкап жөнөтүшсө, Ат-Башынын Ак-Жар айылынан Чоробаева коргоо фондуна акча, сары май, кой, жүн жана жылуу кийим жөнөткөн.

Нарын эли согуш учурунда өз элин, мамлекетин коргоо үчүн 15 миллион сом накталай, 81 миллион сомдон ашык облигация, 14 кг. алтын, 8628 тонна буудай, 4517 тонна эт, сары май, жүн жыйнап, майданга жөнөткөн. Бул жардамдар ачкачылыкка, кыйынчылыкка карабай, элдик ыйман жана патриотизм менен жыйналган. Кээ бир учурларда бул жардамдар мажбурланган шарттарда да топтолгон.

Нарындан чакырылган жоокерлер согуштун дээрлик бардык фронтторунда эрдик көрсөтүшкөн. Панфиловчулар — Жаңыбаев, Кадыров, Садабаев, Мамбетов, Токтомушевдердин эрдиктери элге кеңири таанылган. Биз сыймыктануу менен белгилеп кетүүбүз керек — биздин Дайыр Асанов 1943-жылы, Анварбек Чортеков 1944-жылы Советтер Союзунун Баатыры наамын алышкан. Ошондой эле "Даңк" орденинин толук кавалерлери болгон М. А. Аубакиров, Н. Байтурсунов жана У. Бейшеевдин ысымдары тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды.

Согуш учурунда Нарын облусуна 1826 адам эвакуацияланып, алардын баарына турак жай жана жумуш берилген. Жалпысынан согушта 18 146 нарындыктар аскердик кызмат өтөп, алардын ичинен 8919у курман болуп же дайынсыз жоголгон. Согуштан аман кайткан 7130 жоокер жергиликтүү коомдун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон.