Бишкек шаардык милициясы коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өттү.
Май майрамдары учурунда жарандардын коопсуз эс алуусун камсыздоо үчүн Бишкек шаарында жалпы 3 жарым миңдей милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Аларга 1-майда тапшырма берилип, саптык кароодон өттү.
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы Кыргызстанда дагы чоң салтанат менен белгиленет. Жеңиш күнүн тосуп алууга даярдык көрүү жана уюштуруу маалында баш калаанын борбордук бөлүгүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Бул күндөрү милиция мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу иштерин аткарат. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери эреженин сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтөт. Мас абалындагы айдоочуларга, же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкаргандарга өзгөчө көңүл бурулат.
Буга чейин милиция кызматкерлерине коопсуздукту камсыздоо, коргоону уюштуруу, ар кандай кырдаалдарга ыкчам чараларды көрүү, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти катуу сактоо, жарандарга маданияттуу, сылык мамиле кылуу боюнча тиешелүү тескемелер өткөрүлгөн.