Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери башталды (фотобаян)
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери башталды (фотобаян)

Бүгүн Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн чектешкен жериндеги стелла коюлган жерде, тагыраагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кош-Моло жерлигинде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды.



УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев демаркация иштерин баштоого онлайн форматта катышып, старт берди.

Иш чарага жеринен Мамлекеттик чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назырбек Бөрүбаев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана чек арачылар катышты.


Чек араны тосуу иштеринин жүрүшү үчүн аталган аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп, чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн. Атайын техникалар алынып келинген.


Алдыда биринчи этапта 420 км. аралыкта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасына зым тартылат. Бул ишти жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери аяктап, 2025-жылдын 13-мартында Бишкекте эки өлкө башчылары чек ара боюнча келишимге кол койгон.