Жаңылыктар
Операция үчүн 90 миң сом - Нарында пара талап кылган дарыгер кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Операция үчүн 90 миң сом - Нарында пара талап кылган дарыгер кармалды

УКМК саламаттыкты сактоо системасындагы коррупциялык иштерди аныктоо жана бөгөт койууга багытталган ыкчам иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын облустук бириккен ооруканасынын травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башчысы пара талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Ал облустагы Ак-Кудук айылынын тургунунан атасына жасалган операция үчүн 90 миң сомду опузалап талап кылган.

Соттун санкциясына ылайык, кармалган жаран Нарын шаарындагы №24 ТУКЖга киргизилди.