Жаңылыктар
Пайдалуу кендерди казууга лицензия берүүнүн мыйзамсыз схемасы аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Пайдалуу кендерди казууга лицензия берүүнүн мыйзамсыз схемасы аныкталды

УКМК контрчалгындоо кызматынын аймагында кум-шагыл аралашмасын казууга лицензия берүү боюнча коррупциялык схемаларды демонтаждоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында КР жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен иш жүргүзгөн бир катар компаниялар боюнча маалымат алды.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандары, Ж.М. кум-шагыл карьерлеринин долбоорлоочусу жана Ш.А. Чүй обладминистрациясынын жер-суу көзөмөлдөө кызматынын инспектору – жер казынасын пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдык ченемдерин жана талаптарын бузуу менен, жеке материалдык баюу максатын көздөшүп, Кытай Эл Республикасынын инвесторлоруна 250 миң АКШ долларына мыйзамсыз сатып жиберишкен.

 Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган адамдар кармалып, Октябрь сотунун чечими менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине жайгаштырылды.

Учурда УКМК тарабынан пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү фактыларын, ошондой эле жогоруда аталган фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.