Ленинград шаарын фашисттик Германиянын жоокерлери 1941 – жылы 10 -июндан тартып басып кире баштаган. Акырындык менен шаардын башка аймактарына каттаган бардык жолдорун бууп, байланышты толук үзүшкөн.
Тарыхта өмүр жолу аталып калган Ладого көлү жана аба мейкиндиги аркылуу шаарга жардам берилип турган. 3 млн. калкы бар шаардын азык – түлүгү эки, үч айга гана жетмек. Сентябрь айынан тартып фашисттер тынымсыз соккууларды жасап, шаарды артиллерия менен аткылап, тегерете курчоого алышкан. Алар учактарды стратегиялык мекемелерди жер менен жексен болгуча бомбалашкан. Мунун кесепетинен шаар тургундары да кыйроого учураган.