Күйүүчү майды маркалоодон кийин салык кирешелери жарым жылда 34,2 % өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.
Күйүүчү майды милдеттүү маркалоо тутуму ишке киргенден баштап алты айдын ичинде, (2024-жылдын 1-октябрынан 2025-жылдын 31-мартына чейин) мунай-трейдерлерден мамлекеттик бюджетке 14,9 млрд сом салык түшкөн. Бул 2023-2024-жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 млрд сомго же 34,2 %га көп. Анын ичинде акциз салыгы боюнча түшүүлөр 700 млн. сомго көбөйгөн.
Тутум ишке кирген биринчи жарым жылдыкта 853 миң 489,2 тонна күйүүчү майы, анын ичинде 457 миң 184,8 тонна – бензин, 396 миң 304,4 тонна – дизель отуну маркаланган.
Маркалоо жууп-тазалоого жана жасалмалоого туруктуу молекулярдык маркерди колдонуу менен жүргүзүлөт. Бул күйүүчү майлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Маркалоо тумунунун оператору болуп "Учкун" ААК эсептелет.
2025-жылдын январынан тартып Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоосуз жүгүртүүгө расмий тыюу салынган. Акыркы эле текшерүүлөрдүн жүрүшүндө маркаланбаган күйүүчү май саткан 10 май куюучу жай аныкталды.
Салык кызматы маркаланбаган күйүүчү майды сатууга, ташууга же сактоого тыюу салынганын эскертет. Бул жөн эле мыйзам бузуу эмес, кылмыш иши болуп саналат. Эгерде ири көлөмдөгү (200 литрден жогору) маркаланбаган күйүүчү май аныкталса – айып салынышы (3000ден 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин) же 3 жылга чейин камакка алынышы мүмкүн. Эгерде көлөмү андан да көп болсо (500 литр жана андан көп) – 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып санылышы, же 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.