Жаңылыктар
Ак-Талаада айыл башчынын имараты өрттөнүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Талаада айыл башчынын имараты өрттөнүп кетти

Ак-Талаа районундагы Байгөнчөк айылындагы китепканадан чыккан өрттөн улам, айыл башчынын имараты толук күйүп кетти.

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришкендей, Байгөнчөк айылындагы айыл башчынын имаратында жайгашкан китепканадан өрт чыккандыгы боюнча маалымат, 10-апрелде таңкы саат 05:48де түшкөн.

Өрт кырсыгы катталган аймакка Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчүлөрү барган учурда айыл башчынын имараты толугу менен күйүп, чатыры ичти көздөй кулап калган. Ичиндеги эмеректер дээрлик бардыгы күйүп кеткен.

Куткаруучулардын жардамы менен өрт курчоого алынып, толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттөн жабыр тарткандар жок. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби жана социалдык-экономикалык чыгымы такталууда.