Баткен облусунда бир катар цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүп көрүү чечими кабыл алынды. Мандарин, лимон жана апельсиндин көчөттөрү ушул айдын орто ченинде отургузула баштайт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинен билдиришкендей, мандарин эң көп өскөн Түркиянын Сакарья шаары менен Баткендин табияты окшош. Ошондуктан Баткен жана Кадамжай райондорунда мандариндин сорттору ачык талаада жана теплицада сынала турган болууда.
Эгерде Кыргызстанда цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлө баштаса, анда импортту азайтып, элди сапаттуу жана арзан мөмө менен камсыздоого шарт түзүлөт.