Нарын облусундагы суу чарба обьектилерин оңдоо жана калыбына келтирүү жумуштары үчүн республикалык бюджеттен 244 миллион 200 миң сом акча каражаты каралды. Ал эми ашар жолу менен Кочкор районундагы Көл-Үкөк көлүнөн сифондук суу чыгаруу долбоору ишке ашырылат. Бул жумуштар үчүн 568 миллион сом жумшалат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдагы туруктуу өнүгүү стратегиясына кирген Жумгал районундагы Түгөл-Сай өзөнүндөгү БСР жана Кочкор районундагы Шамшы БДРин ушул жылдын декабрь айында пайдаланууга берилүү мерчемделүүдө. Жалпы наркы 412 миллион сомду түзгөн Нарын районундагы Куланак магистралдык каналынын курулушу 2026-жылдын ноябрь айында аяктап, пайдаланууга берилет. Бул долбоордун натыйжасында Учкун, Куланак айылдарынан 5 миң 426 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт жана 9 мин 375 гектар жерге суу берүү жакшырат.
Ал эми Нарын районунун Ак-Кудук айыл аймагынын Ак-Суу ички чарбалык каналын калыбына келтирүү долбоорунун алкагында өткөн жылы каналдын 1100 метри бетондолгон, быйыл 1900 метри бетондолот. Бул үчүн республикалык бюджеттен 10 миллион 600 миң сом бөлүнгөн.