УКМК тарабынан Каракол шаардык мэриясынын жетекчилиги жана башка адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалдык жер тилкесин арзандатылган баада саткан фактылар аныкталган.
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма аукцион уюштуруу жолу менен Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин А.Н.К. аттуу жаранга жеке менчикке берип, кийинчерээк ал кымбатыраак жер тилкеге алмаштырылган.
Мында Каракол шаарынын мэриясынын кызмат адамдарынын иш-аракеттери тооруктарды өткөрүү жана башка жер участогуна алмаштыруу иштери, мэрдин кызмат ордун ээлеген жаран тарабынан жүргүзүлгөн.
Ал тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Каракол шаарынын №23 тергөө абагына камакка алынды.