Жаңылыктар
Билим берүү министри Таласта мугалимдер менен жолугушууда
Кыргызстан жаңылыктары
Билим берүү министри Таласта мугалимдер менен жолугушууда

 9-апрелде билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна иш сапары менен келди. Сапардын алкагында министр "Алтын Казык" билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруу боюнча мугалимдер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда билим берүүнү жакшыртуу, санариптештирүү, мектептерди модернизациялоо жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүү маселелери талкууланды. Министр аймактагы мугалимдердин сунуштарын угуп, алардын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, чечүү жолдору боюнча пландарды талкуулады.

"Алтын Казык" программасы Кыргызстандын билим берүү системасын заманбап талаптарга ылайыкташтырууга жана балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Программа мектеп инфраструктурасын жакшыртуу, окутуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү жана мугалимдердин кесиптик деңгээлин көтөрүүнү камтыйт.

 Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарына токтолду.