Жаңылыктар
УКМК: Массалык башаламандыктарды уюштуруу жана улуттар аралык жаңжалды козутуу аракети токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
 УКМК: Массалык башаламандыктарды уюштуруу жана улуттар аралык жаңжалды козутуу аракети токтотулду

Коопсуздукту камсыз кылуу, конституциялык түзүлүштү жана жарандардын укуктарын, кол салуулардан жана бузуулардан коргоо максатында УКМК тарабынан массалык нааразылык акциялары жана массалык башаламандыктар менен коштолгон жергиликтүү жаңжалдарды уюштуруу жолу аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга даярдык көрүү фактылары аныкталып, бөгөт коюлду. Мында негизги максат – коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу, анын артынан мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгон.

2025-жылдын башында козголгон кылмыш ишинин алкагында сот органдарынын санкциясы менен,  идеялык шыктандыруучулардын көзөмөлү астында, (алардын бири өлкөдөн тышкары, болжол менен БАЭде качып жүрөт) массалык башаламандыктарды уюштуруп жаткан адамдардын тобун, активдүү иштеп чыгуу боюнча ыкчам жана тергөө-ыкчам иш-чараларынын комплекси жүргүзүлгөн. Аталган топтун бардык мүчөлөрү, анын ичинде орто башкаруудагы жетекчилери аныкталып, камакка алынды.

Тактап айтканда, аталган топ өз ниеттерин ишке ашыруу максатында чет элдик жарандар кордогон делген кыргыздын "сабалган, жарым жылаңач кызынын" кайрылуусу менен жасалма чагымчыл видеоролик тартууну пландашкан. Бул видеодо ал социалдык тармактарда максималдуу жайылтуу үчүн чет элдик жарандарга каршы жардам жана колдоо сурайт.

Видеоролик 2024-жылдын май айында болгон окуяларга окшоп, улуттук патриоттук сезимдерди козгоп, өлкөнүн жаштарынын өкүлдөрүн дүрбөлөңгө салуу максатында даярдалган. Андан соң атайын даярдалган, ок атуучу куралдар менен жабдылган күжүрмөн топтор Бишкектин ар кайсы жерлеринде чет элдиктердин иштеген жана жашаган жерлеринде мушташтарды жана погромдорду уюштурууну көздөгөн.

Ушундай эле провокациялар Кыргыз Республикасынын жарандарына жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата, кийин массалык тартипсиздиктер менен пландаштырылган. Бул аракеттердин баары өлкөнүн башкаруу органдарынын кадырын кетирип, элдин нааразылыгын жаратып, "оппозиция" деп аталган масштабдуу нааразылык акцияларына жагымдуу шарт түзүп бериши керек эле.

Иликтөөнүн жүрүшүндө жалпы уюштуруу иштери Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары аралыкта жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат алынган. Учурда уюштуруучуларды кармоо иштери жүрүп жатат. Ошентип көрүлгөн чаралардын натыйжасында УКМК тарабынан аталган пландарды даярдоонун жана ишке ашыруунун акыркы этабында массалык башаламандык уюштуруу аракетинин алды алынды.

Белгилей кетсек, мындай ыкмалар өз максаттарына, зыяндуу амбициялардын пайдасына жетүү, калктын жыргалчылыгын же мамлекеттин гүлдөп өсүшүнө кам көрүү эмес, пландуу иш-чаранын катышуучуларынын терең өзүмчүлдүгүнөн кабар берет.