Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында спорттун эркин күрөш түрүнөн алтын медаль жеңип алган Эрназар Акматалиевди кичи мекени – Нарындын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн тургундары салтанат менен тосуп алды.
Өлкө желегин Азия өлкөлөрүнүн ичинен желбиретип, гимнин жаңырткан балбанга каалоо-тилектер айтылып, Нарын районунун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Ошондой эле Орто-Нура жана Чет-Нура айылдарынын жаштары аргымак мингизип, ак калпак кийгизишти.
Иш-чарага район акими Нуридин Султанов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, балбандын ата-энеси, бир туугандары, айылдаштары жана мектеп окуучулары катышып, дүйнөлүк аренадагы ийгилиги бүтүндөй кыргыз элинин, анын ичинде теңиртоолуктардын сыймыгы экендигин айтышып, Мекендин туусун бийик көтөрүп, тайманбас мүнөз, күч-кубат, мекенчилдиги менен жаштарга үлгү болуп келе жаткандыгын билдиришти.
Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, 2021-жылдагы Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси, Токио жана Париждеги Олимп оюндарынын катышуучусу, “Спорт чебери” наамынын ээси.