Жаңылыктар
УКМК Ош мэринин шаарга кирген автоунаалардан акы алуу демилгесин четке какты
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК Ош мэринин шаарга кирген автоунаалардан акы алуу демилгесин четке какты

УКМК Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин башка региондордогу автоунаа айдоочулары Ош шаарына кирүү үчүн акы төлөтүү демилгесине карата төмөндөгүлөрдү билдирет.

 УКМК Ош шаарынын мэринин бул демилгесин колдобойт! Ошол эле учурда УКМК жетекчилиги шаарга кирүү үчүн төлөм киргизилген учурда коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда бардык чыгымдар карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. Товарларды шаарга жеткирүү кымбаттайт, бизнес бул чыгымдарды керектөөчүлөргө которуусу мүмкүн, калктын анча бай эмес катмары сапардан баш тартууга, же сапарга бюджеттин олуттуу бөлүгүн коротууга аргасыз болот. Бул кабыл алынбайт!

 Мындан ары УКМК бардык кызмат адамдарын (мэрлер, акимдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү ж.б. жетекчилер) ушул сыяктуу туура эмес идеялар жана билдирүүлөр менен чыкпоого чакырат.

 Ошондой эле, бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жеке пиар-кампаниялар менен алек болбостон, Кыргыз Республикасынын облустарынын жана шаарларынын тургундарынын курч көйгөйлөрүн чечүүгө чакырат.

Мындан бир күн мурда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, шаарга сырттан кирген автоунаалардан кайсы бир өлчөмдө төлөм киргизүү үчүн “Ош жолдоруна инвестиция – келечекке кадам” демилгесин сунуштаган.