УКМК "Равшан-Тентек" каймана аттуу А.Р.О.нун кармалуусу тууралуу билдирүү таратты.
Анда УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)" боюнча кылмышка шектүү катары “Женго” каймана аттуу К. Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар, 1967-жылы 13-февралда төрөлгөн "Равшан-Тентек" криминалдык аты менен белгилүү кыргыз жараны А.Р.О.ну Баткен шаарында кармаганы айтылат.
Аталган жаран 2001-жылы Дара айыл өкмөтүнүн "Жетиген" техникалык сервисинин балансында турган Көк-Дөбө дачасынын өзүнө чектеш аймагын 1,5 га өлчөмүндө мыйзамсыз ээлеп алган, кийин документтерди Баткен шаардык башкармалыгы аркылуу мыйзамдаштырган. Андан соң аталган аймакта чарбалык курулуштары бар турак үй курган. 2004-жылы кылмыштуу кирешелерин жашыруу максатында мүлктү жакын тууганына каттаткан.
Ошондой эле А.Р.О. өзүнүн кылмыш чөйрөсүндөгү абалынан пайдаланып, Баткен районунун аймагындагы бир нече жер тилкелерин жана кыймылсыз мүлк объекттерин мыйзамсыз ээлеп алып, жакын туугандарынын атына каттатып алган.
Алсак, Баткен районунун Бүжүм айылындагы 15 гектар айыл чарба жер тилкесин мыйзамсыз пайдаланып, эгиндерин сугаруу максатында төмөндө жайгашкан калктуу конуштардын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуучу «Таза-Суу» скважинасына өзүм билемдик менен кошулган. Натыйжада, аталган конуштун тургундарында ичүүчү суунун жетишсиздиги көйгөйү жаралган.
Мындан тышкары, А.Р.О.го карата Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренеси менен электр энергиясын өз алдынча пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тактап айтканда, ал 2001-2025-жылдары электр тармактарына эсепке алуучу шайманы жок мыйзамсыз кошулуп, натыйжада мамлекетке 1 млн. 200 миң сомдон ашуун зыян келтирген.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө каттоосу жок ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылган. Учурда А.Р.О. УКМКнын УКЖсына киргизилип, анын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.