Жаңылыктар
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна дагы 3 эстакадалык көпүрө курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна дагы 3 эстакадалык көпүрө курулат

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна кошумча 2 галерея жана 3 эстакадалык көпүрө курулат. Мындай чечим жолдун кооптуу тилкелерине жүргүзүлгөн көп жылдык (курулуш иштери башталгандан бери) илимий байкоолордун жыйынтыгы менен кабыл алынганын бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жумуштар жолдун 331+924, 338+410-чакырымдарында жүрүп, анда чоң көлөмдө түшө турган кар көчкүдөн коргоочу 2 галерея курулат. Ошондой эле 332+656, 339+185, 339+907-чакырымдарында кар, сел жүрүүчү сайлардын үстүнөн өткөн 3 эстакадалык көпүрө куруу зарылчылыгы аныкталгандыктан, кошумча жумуштар жүрөт. 

Мындан тышкары аталган долбоордун алкагында Барпы айылынан тарта Сафаровка айылына чейин 25 чакырым айланма жолду куруу пландалууда.

Бул жумуштар болжол менен 2025-2026-жылдын курулуш мезгилинде аткарылат. Мындан улам, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун ачылыш аземин 2025-жылдын май айында өткөрүү планы жогоруда белгиленген себептерден улам жылдырылды. Жолдун ачылыш аземи 2026-жылга мерчемделип жатат.

 Өлкөнүн түндүк жана түштүгүн бириктирип, стратегиялык мааниге ээ болгон альтернативдүү автожолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын 200гө жакын чакырымы мурда жол жок жерлерге салынган. Ошондой эле Көк-Арт ашуусунда Кыргызстандагы эң узун тоннель курулуп, эки эстакадалык көпүрө салынган. Жол пайдаланууга берилгенден кийин Жалал-Абаддан Балыкчыга чейин 6 саатта (учурда жолдун убактысы 13 саат) барууга мүмкүн болот.