Бүгүн Баткен Мамлекеттик Университетинде “24-март Элдик революция күнүнүн” 20 жылдыгына жана “7-апрель Элдик апрель революциясынын” 15 жылдыгына карата “Элдик революциянын саясий сабактары жана тарыхый таасирлери” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Илимий-практикалык конференциянын максаты – 24-март жана 7-апрель окуяларынын тарыхый маанисин, анын саясий, социалдык жана экономикалык процесстерге тийгизген таасирин талдоо, ошондой эле азыркы коомго тийгизген узак мөөнөттүү таасирин талкуулоо болду.
Конференцияга катышкан Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков өз сөзүндө: “Кыргыз эли 24-март жана 7-апрелде авторитардык бийликтин саясатынын тереңдешине каршы тура алды. Бул элибиздин кылымдарды карыткан, кайратман эл экендигин, эркиндикти сүйгөн эл эч качан авторитардык, диктатуралык режимди тааныбай тургандыгын далилдеди. Натыйжада жергебизге тынчтык, туруктуулук келди. Кыргыз мамлекеттүүлүгү бекемделип, өнүгүү жолуна чыкты, маданият менен кыргыз салты кайра жанданды, элдин намысы ойгонду, кыргыз көчү кайрадан жолуна салынып, кең келечекке жол ачылды. Ошондуктан мындан ары биз бул күндөрдү, келечекке жол ачкан күн катары тосушубуз керек”, - деп белгиледи.
Жыйын Баткен Мамлекеттик Университетинин ректору, профессор Айдар Гыязовдун “Кыргызстандын саясий жаңылануу жолундагы элдик көтөрүлүштөр: себептер жана келечек перспективалары” аталышындагы баяндамасы менен улантылды.
Ошондой эле окуу жайдын доценти Шайырбек Шеров “2005-2010-жылдардагы түстүү революциялар, эгемендүү Кыргызстандын коомдук саясий турмушундагы трансформациялык жараяндын башаты” аталышында баяндама жасады.
Конференциянын соңунда 24-март жана 7-апрель окуяларында курман болгон мекендештердин рухтарына багышталып Куран окулду.