Бүгүн, 7-апрелде Талас облусунун Аманбаев айыл аймагында Д.Анарбеков атындагы балдар бакчасы пайдаланууга берилди.
Бала бакчанын ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын 2029 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин 2023 - жылдын 28-ноябрында Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы административдик имаратынын ачылыш аземинде, аталган райондо мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигинен УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин колдоосу менен 200 орундуу бала бакча куруу демилгеленген.
Бала бакчага Баткен районунун "Достук" чек ара заставасынын аскер кызматкери, 2022-жылы чек арадагы куралдуу кагылышууда баатырдык менен курман болгон лейтенант Дастан Анарбековдун ысымы ыйгарылды.