Кызыл-Кыя шаарында 8 айдан бери дайынсыз болуп жаткан 35 жаштагы жаран Ысык-Көл облусунан табылганын бүгүн Баткен облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБине Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну 2024-жылдын 16-сентябрь күнү баласы, 35 жаштагы Акбар Төрөкулов дайынсыз жок болуп жатканы тууралуу арыз менен кайрылган. Эненин айтымында, уулу Кызыл-Кыя шаарындагы автобекеттен Бишкек шаарына такси менен кетип, 11-сентябрь күнү байланышка чыккан бойдон дайынсыз жоголуп кеткен.
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулган. Натыйжада Акбар Төрөкуловдун жүргөн жери аныкталып, 2025-жылдын апрель айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан табылды жана өзүнүн айылына алынып келип, жакындарына тапшырылды. Жоголуп табылган жаран бул аралыкта эмне кылып жүргөнү, Ысык-Көлгө кантип барып калганы тууралуу маалымат айтылган жок.