Жаңылыктар
Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат

Бүгүндөн тарта Жаш Гвардия бульварынын Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки батыш тарабы убактылуу жабылат.

Ошондой эле Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн тартып Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү транспорт кыймылы үчүн жабылат.

Белгилей кетсек, чыгыш тарабында убактылуу эки багыттуу кыймыл уюштурулган. Подрядчы уюм “ДорСтрой Групп” ЖЧКсы.

Бишкек шаарынын мэриясы калаа тургундарынан жол тыгындарын алдын алуу үчүн каттамыңыздарды алдын-ала пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.