Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев өлкө башчынын тапшырмасы менен бүгүн Нарын шаарында иш сапары менен болуп, “Нарын Реновация” долбоорунун алкагында аткарыла турган иштер менен жеринде таанышып, курула турган объектилердин зарылдыгынан кабар алды. Алгач дубан башчынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу мамлекет тарабынан берилчү бир миллиард сомго жасала турган иштердин долбоору тууралуу маалымат берди.
Анын маалыматында, аталган долбоорду ишке ашырууга 4 миллиард сомдон ашык каражат талап кылынат. Анын 2 миллиард сомдон ашыгына каражат табылып “Нарын сити”, турак жай комплекси, мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборун куруу жумуштары башталган. Ал эми калаадагы тарых музейи, китепканалар, маданият мекемелерин бириктирген Инновациялык креативдүү демилгелер борборун куруу, автобекетти реконструкциялоо, Ж.Акималиев паркына балдар оюн-зоок борборун куруу, Нарын дарыясынын үстүнө айнек көпүрө салуу, көп кабаттуу үйлөрдүн тышкы көрүнүшүн жаңылоо, муниципалдык мончо куруу, шаардагы муниципалдык ишканаларга техника жана 10 коомдук транспорт алуу долбоорлорун мамлекет тарабынан бериле турган 1 миллиард сомго ишке ашыруу пландалууда. Бирок бул долбоорлорду ишке ашырууга дагы кошумча 300 миллион сомдой каражат керек.
Каныбек Туманбаев маалыматтарды уккан соң ар бир объектини кыдырып көрүп, бул долбоорлор боюнча президентке маалымат берерин, быйыл өлкө башчынын тапшырмасына ылайык Нарында чоң өзгөрүү болорун билдирди.
“Облустар өнүгүшү керек, бул үчүн ар бир облуска жыл сайын 1 миллиарддан, 500 миллион сомдон ар бир районго бөлүү менен социалдык көйгөйлөрдү чечүү пландалган. Мындай аракеттер үч жылда жакшы жыйынтык бермек. Ар бир жетекчи жүрөгү менен мамлекетке кызмат кылып, элге шарт түзүп, шаарды көркүнө келтириш керек. Президеттин максаты, талабы дагы ушул, бизге тапшырма берип, ар бир регион көзөмөлүндө. Нарындагы бул долбоорлор жасалышы керек. Мен дагы президентке жеткирем, Нарында пилоттук катары ишке ашырып, андан соң башка облустарга жайылтсак болот”,- деди Каныбек Туманбаев.