Жаңылыктар
Жашыл демилге – таза аба, кооз аймак
Кыргызстан жаңылыктары
Жашыл демилге – таза аба, кооз аймак

Лейлек районунун чек арага чектеш Кулунду аймагында дыйкан Эрнист Кадыров үч жыл мурда экологияга жана экономикалык өнүгүүгө чоң пайда алып келе турган демилге көтөргөн. Ал өзүнө таандык 3 гектар жерге 3 000 түп павловния көчөтүн отургузуп, азыр бул аймак жашыл токойго айланып, кереметтүү көрүнүш тартуулап турат.


Павловния дүйнөдөгү эң тез өсүүчү дарактардын бири. Жакшы кам көрүлгөн шартта үч жыл ичинде 10-15 метрге чейин өсөт. Бүгүнкү күндө каарманыбыз тиккен бактар бийиктиги менен аймакка көрк берип, айрыкча жашыл мезгилинде көңүлдү өзүнө бурдурат. Андан тышкары, павловниянын экологияга да пайдасы чоң. Бул дарак абаны кычкылтек менен байытып, чаңды азайтып, айлана-чөйрөнүн тазалыгына салым кошот.


Эң негизгиси павловния экономикалык жактан да пайдалуу өсүмдүк. Анын жыгачы жеңил жана бекем болгондуктан, курулуш, эмерек жасоо жана кагаз өндүрүшүндө жогорку баага ээ. Каарманыбыздын айтымында, быйыл үчүнчү жыл болгондуктан, эми ал өз бактарынан жыгач ала баштоону пландап турат. Мындан тышкары, павловниянын жалбырактары мал үчүн мыкты тоют катары да пайдаланылат.

Бул демилге Лейлектин экологиялык абалын жакшыртып гана тим болбостон, аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн да кеңейтүүгө салым кошот.