Жаңылыктар
Картошканы экспорттоого тыюу салынышы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Картошканы экспорттоого тыюу салынышы мүмкүн

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги картошканы сыртка сатууга убактылуу чектөө киргизүү маселесин карап жатат. Мындай чара социалдык мааниге ээ азык-түлүктөргө болгон баалардын негизсиз жогорулашынын алдын алуу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына бааларды туруктуу кармоо максатында көрүлүп жатканын бүгүн министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстанда өткөн жылдын соңунан тарта картошка кескин кымбаттай баштап, азыр анын сатыктагы баасы 60-70 сомго чейин чыгып кетти. Буга негизинен өткөн күздө түшүм жылдагыдан азыраак болгону жана кошуна өлкөлөргө сатуу эки эседей көбөйгөнү себеп болгону айтылууда.

Улуттук статистика комитети буга чейин Кыргызстан 2024-жылы картошканы Өзбекстан менен Казакстанга жылдагыдан эки эсе көп экспорттогонун, Өзбекстанга 57,8 миң тонна, Казакстанга 9,4 миң тонна картошка сатылганын билдирген.