4-февралда түнкүсүн кар жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 1…6
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз 0…-5
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн –8…-10° суук, күндүз 1…3° болот.