Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы депутаты жана "жер мафиясынын" уюштуруучуларынын бири деп аталган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын экс-депутатын жана "Жер мафиясынын" уюштуруучуларынын бири кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Буга чейин да Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы жана аталган айыл аймактын азыркы адвокаты менен алардын шериги кармалганы маалым болгон.
Тактап айтканда, 2019-2021-жылдар аралыгында аталган адамдар алдын ала макулдашууга кирип, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган.
Натыйжада жасалма документтердин негизинде 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Ош облусунун Өзгөн районундагы 22га жер "Айыл чарба багытындагы" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына трансформацияланган.
Учурда жогоруда көрсөтүлгөн жер алдамчылыгына тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары улантылууда.