Жаңылыктар
"Долон" ашуусунда жол кардан тазаланууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Долон" ашуусунда жол кардан тазаланууда

Жол чарба департаментинин Нарын аймактык бөлүмүнөн билдиришкендей, облус аймагына 5-10 сантимерге чейин кар жаады.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун ашуу жана  белдеринде жолчулардын кезмети уюштурулуп тиешелүү жумуштар алып барылууда. Учурда жолдор ачык, каттам бар.

"Долон" ашуусунда  5-10, Оттук капчыгайында 4-8, Кызыл-Бел ашуусунда 4-8, Чар участкасына 3-8, Нарын-Орук-Там унаа жолунда 5-10 сантиметрге чейин кар жаады. Ал эми "Долон" ашуусундагы карды тазалоого бир автогрейдер чыкты. Ак-Бейит, Түз-Бел ашуулары дагы жолчулардын көзөмөлүндө. Жолдун тайгак участкаларына кум-шагыл аралашмасы чачылды. Ар бир Жол тейлөө ишканаларында кезмет уюштурулган.

Дөңгөлөгүндө чынжырча жок оор жүк ташуучу унаалар Кызыл-Белде жолдун четине туруп калды. Бирок, жол жабылган жок",- деди аталган бөлүмдүн башкы адиси Нурбек Кубанычбек уулу.