Нарын облусуна өткөн жылы жалпы 141 миң 378 турист келип, алардан 127 миллион 411 миң 400 сом түшкөн. Бул көрсөткүч 2023-жылга караганда 72 миллион 499 миң 300 сомго көп.
Келген туристтердин 28 миң 310у чет өлкөлөрдөн, тагыраагы Улуу Британия, Австралия, Германия, Бельгия, Испания, Араб Эмираты, Корея, Орусия, АКШ, Франция сыяктуу 65 өлкөдөн келишкен.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка таянсак, жыл сайын Теңир-Тоого келген туристтердин саны өсүүдө. Мындан улам облустун туристтик видео материалдары даярдалып, 5 жылдык өнүгүү планы иштелип чыкты. Ошондой эле тейлөөнү жакшыртуу жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен алардын коопсуздугун камсыздоого багытталган бир топ долбоорлор ишке ашууда.
Алсак, visitnaryn.com платформасы мобилдик тиркемеси менен иштелип чыкты. 17 жер участоктору аныкталып, Нарын, Кочкор райондорунун туристтик аймактарына “Теңир-Тоо”, “Сон-Көл” глэмпингдери курулуп кызмат көрсөтүп жатат. Жүргүнчүлөр үчүн сервисти жакшыртуу максатында GoBus долбоору ишке ашты.
Ошондой эле “Теңир Тоо” ɵнүктүрүү фонду тарабынан Нарын шаарына “Кербен” мейманканасын куруу үчүн 14 млн. 300 миң, Соң-Көл жайлоосуна “Али-Нур” боз үй лагерин өнүктүрүү үчүн 4 млн. 900 миң сом, Нарын районундагы Тешик жайлоосуна эс алуучу жайын өнүктүрүү үчүн 860 миң сом бөлүнгөн. Мындан тышкары Кочкор районунун Теңдик айылында жана Нарын шаарынын 64 аймагында салынып жаткан туристтик тейлөө борборлорунун 97 пайыз курулушу аяктады. Бул борборлор ишке берилгенде эл аралык талаптарга ылайык тейлөөгө шарт түзүлөт.
Нарында 308 туристтик субъекти каттоодон өтсө, анын 182си активдүү иш алып барат.