Эртең, 27-ноябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 12…17,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 12…17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 1…6.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -1…+1°, күндүз 14…16 градус жылуу болот.