Белгилүү окумуштуу-хирург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор Эрнст Акрамов бүгүн Бишкекте 89 жаш курагында көз жумду.
Ал 1936-жылы 24-июнда азыркы Бишкек, мурдагы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Кыргыз илиминин эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, СССРдин эл депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты, КР илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КР Баатыры 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун жалпы хирургия адистиги боюнча факультетин бүтүргөн. 1967-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган.
Эрнст Акрамовдун эмгек жолу 1960-жылы Фрунзе шаарындагы 2-шаардык клиникалык ооруканасында хирург-дарыгер болуп иштөөдөн башталган.
1964-1967-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун хирургия кафедрасынын аспиранты болгон.
1967-1971-жылдары Республикалык клиникалык оорукананын торакалдык хирургия бөлүмүнүн ординатору, 1971-1975-жылдары ошол эле мекеменин хирургия бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.
1975-1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун госпиталдык хирургия кафедрасынын доценти, ассистенти болуп эмгектенген. Ал эми 1981-1992-жылдары Республикалык клиникалык оорукананын жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болгон.
1992-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүгө чейин Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүн жетектеп келген.
2023-жылы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан хирургиялык практика жана дарылоонун новатордук ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Чүй облустук бириктирилген ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылган.