Жаңылыктар
Бишкекте 11 мектеп, 8 бала бакча катуу шамалдан зыян тартты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте 11 мектеп, 8 бала бакча катуу шамалдан зыян тартты

Бишкектеги катуу шамалдан 11 мектеп менен 8 бала бакчанын имараты зыян тартты. 

Бир топ социалдык объектилердин көбүнүн чатырлары бузулган. Канча чыгым келгенин аныктоо үчүн жеринде атайын комиссия иштеп жатат. Имараттардын чатыры, кондиционерлердин үзүлгөн жерлери жана айрым терезелер 1-апрелде балдар каникулдан чыкканга чейин толук калыбына келтирилет. 

Мэр Айбек Жунушалиев төрт райондун акимдери жана кызматтардын жетекчилери менен катуу шамалдан жабыркаган объектилерди көрүп чыкты. 

Учурда транспорттук каттамдар кадимки иш тартибине келип, жүргүнчүлөрдү тейлөөдө. “Бишкек жарык” муниципалдык ишканасы тез арада бардык үзүлгөн зымдарды калыбына келтирди. 

"Бишкек жашыл курулуш" ишканасы болсо борбор калаанын жолдорундагы бардык кулаган бак-дарактарды жана бутактарды алып, тазалап чыкты. “Тазалык” ишканасы дагы катуу шамалдан кийин тазалоо талап кылынган аймактарда көчөлөрдү жууп, санитардык тазалоо иштерин бүтүрдү.