Жаңылыктар
Акылбек Жапаров: Министрлер Кабинети саламаттыкты сактоо системасын стратегиялык өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров: Министрлер Кабинети саламаттыкты сактоо системасын стратегиялык өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет

Саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү өлкөбүз үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аны стратегиялык жактан өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Бул тууралуу Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эл аралык медициналык конгрессин ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди. 

Көрүнүктүү окумуштуу жана клиник, академик, Социалисттик Эмгектин Баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган конгресске 400гө жакын медицина кызматкерлери, анын ичинде 100дөн ашуун чет элдик коноктор, академиктер жана дүйнөгө белгилүү окумуштуулар катышууда. 

«Бүгүн Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин катышуусунда мындай масштабдуу конгрессти уюштурууда жана өткөрүүдө алгачкылардан болуу сыймыгына ээ болду. Бул конгресс биздин өлкөлөрдүн ортосундагы медициналык кызматташтыкты тереңдетүү жолундагы биринчи кадам болот деп ишенем. Өлкөлөр ортосундагы кызматташтык - бул медициналык илимди жана практиканы өнүктүрүүгө, медициналык адистердин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле бардык жарандар үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоого көмөктөшүүчү маанилүү интеграциялык инструмент», — деди Акылбек Жапаров. 

Минкаб башчысы өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолду. Акыркы үч жылда саламаттыкты сактоо тармагын каржылоонун көлөмү эки эсеге көбөйүп, 2019-жылы 19,0 миллиард сом, 2023-жылы 38,0 миллиард сом бөлүнгөн. Медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын жаңылоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Акыркы 2 жылда кургак учукка каршы оорукана, перинаталдык борбор, кыргыз-түрк достугу ооруканасы жана башка заманбап ооруканалар курулуп, пайдаланууга берилди. 

«Бардык 7 аймактык оорукана жаңы МРТ аппараттары менен камсыздалып, аймактарда 4 компьютердик томография борбору ачылды. 2 жылдын ичинде 335 жаңы тез жардам унаасы сатылып алынган. Тилекке каршы, бөйрөк оорусунан жабыркаган жарандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Гемодиализ менен ооругандарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 2,2 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Өлкө президентинин демилгеси менен өткөн жылы Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу операциялары башталып, атайын жабдыктарды алууга Президенттик фонддон 1 миллион доллар бөлүнгөн. Ал эми быйыл түрк кесиптештеринин колдоосу менен боорду алмаштыруу боюнча операцияларды баштоону пландап жатабыз. Ушул убакка чейин биздин жарандар эбегейсиз чыгымга учурап, чет өлкөдө ушундай операцияларды жасоого аргасыз болушкан», - деди ал. 

Учурда мамлекеттик инвестициялык программанын алкагында жалпы суммасы 77,0 млн АКШ долларын түзгөн 4 ири долбоор ишке ашырылууда. Ошондой эле 116,5 миллион доллардан ашык гранттык долбоорлор ишке ашырылууда. Академик М.М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору катуу кармаган миокард инфаркты менен ооруган бейтаптарга тез арада жогорку технологиялык жардам көрсөтүү үчүн толук циклдуу моделдин негизинде “Тез жардам кардиология” программасын ишке ашырууда. Жаңы премиум класстагы «Aзурион 7» ангиографиялык аппараты орнотулду, анын жалпы баасы 1,5 миллион доллардан ашты. Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын алдыңкы адистеринин колдоосу жана катышуусу менен жүрөк-кан тамыр системасынын оор ооруларына уникалдуу эндоваскулярдык интервенцияларды өткөрүү пландаштырылууда. Учурда медицинанын санариптештирүү сектору тездик менен өнүгүп жатат, анын ичинде жасалма интеллект активдүү ишке киргизилүүдө.