Жаңылыктар
Президент: Бөйрөк алмаштырууга кеткен чыгымды мамлекет төлөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Президент: Бөйрөк алмаштырууга кеткен чыгымды мамлекет төлөйт

Гемодиализде жаткан бейтаптардын бөйрөк алмаштырууга кеткен чыгымдарын мамлекет өз колуна алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде баса белгиледи. Мамлекет башчысы мындай кадам айлап-жылдап кыйналып, азап тарткан бейтаптардын түйшүгүн гана жеңилдетпестен, өлкөнүн казынасындагы каражатты дагы үнөмдөп кала турган пайдасы бар экенин айткан.