Жаңылыктар
УТРК Алтай мамлекеттик университети менен кызматташат
УТРК жаңылыктары
УТРК Алтай мамлекеттик университети менен кызматташат

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жергиликтүү гана эмес чет мамлекеттердин жогорку окуу жайлары менен кызматташууну өнүктүрүүдө. Мындай аракеттердин максаты - УТРКнын кызматкерлеринин иш тажрыйбасын жогорулатуу, техникалык жана чыгармачылык жамааттын башка өлкөлөрдө билим алуусуна шарт түзүү.

УТРКнын башкы директорунун дарегине Алтай мамлекеттик университетинен кызматташуу кызыкчылыгы бар экендиги жазылган кат келген. Анда университет “Чоң Алтай” (Большой Алтай) аталышындагы теледолбоорду Улуттук Биринчи каналдын эфиринде ачуу ниети билдирилген. Башкы директор Б.Тиллебаевдин тапшырмасы менен Барнаул шаарына УТРКнын иш башкаруучусу Ч.Капарова барып, Алтай мамлекеттик университети менен кызматташтык меморандумуна кол койду.

Ч.Капарованын айтымында, “Чоң Алтай” долбоору түрк элдеринин тарыхына, маданиятына, жашоо-шартына, үрп-адаттарына арналган кызыктуу көрсөтүү боло алат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн студия декорациясы алдын-ала чийилип, концепциясы даярдалган.

Мындан тышкары, Жалпы Россиялык телерадио корпорациясынын (ВГТРК) Алтай филиалынын жетекчиси Олег Говорщенко менен сүйлөшүүлөр болуп, контент алмашуу алкагында пикир алышуу орун алды.

Эске салсак, Барнаул шаарындагы Алтай мамлекеттик университетинде “Түрк жана славян элдеринин биримдиги: тарыхы жана азыркы абалы” аталышындагы эл аралык форуму өтүп жатат.